Бишкекте Пасха кантип майрамдалды. Чиркөөдөн сүрөттөр

24-апрелге караган түнү Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүндө Пасха майрамы белгиленди.
Sputnik
Жыл сайын Пасха майрамынын так күнү Ай, Күн календарына карап коюлат. Быйыл ал 24-апрелге туш келди, былтыр 2-майда белгиленген.
Пасха — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет. Христиан дининде Иисус Христостун тирилген күнү катары саналат. Майрамдын башкы символу — боелгон жумурткалар, кулич жана пасха (быштак жана мейиз кошулган таттуу токоч).
1 / 15

24-апрелге караган түнү Пасхага карата Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүнө эл сыйынуу үчүн келди

2 / 15

Пасха салт боюнча түндө өткөрүлүп, дин тутунгандар шам күйгүзүшөт

3 / 15

Майрамдын башкы символу — боелгон жумурткалар, кулич жана пасха токочтору

4 / 15

Бишкектеги чиркөөгө чогулгандар

5 / 15

Жыл сайын Пасха майрамынын так күнү Ай, Күн календарына карап коюлат

6 / 15

Пасха — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет

7 / 15

Бул Пасха майрамында христиандар бири-бирин куттукташып, жаман адаттардан алыс болушат

8 / 15

Пасха адамдардын жүрөгүнө үмүт, келечекке ишеним жаратып, кубаныч тартуулайт

9 / 15

Диний жүрүштөн бир ирмем

10 / 15

Пасха — православдардын жашоодогу жолун жана руханий баалуулуктарын, каада-салттарын бириктирген майрам

11 / 15

Пасханын өзүнүн өзгөчө мааниси, каада-салты жана ырым-жырымы бар

12 / 15

Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүнө келип сыйынгандар

13 / 15

Бул майрадын белгилениши өлкөдөгү жарандардын улут жана конфессия аралык ынтымактуу коомдо жашап жаткандыгынын күбөсү болуп келет

14 / 15

Кыргызстандын эли жыл сайын Нооруз, Орозо айт, Курман айт, Рождество жана Пасха майрамын катар белгилеп келет

15 / 15

Садыр Жапаров "бүгүн — тууган-урук менен кезигип, белек берип, эски таарынычтарды кечирүү күнү" экенин белгиледи