Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ жарандары Украинага курал жөнөтүлүп жатканына нааразы болууда

Бейшембиде АКШ президенти Жо Байден Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Вашингтон Украинадагы жаңжалды атайылап узартууну көздөйт. Бул тууралуу РИА Новости америкалык Fox News телеканалынын материалына таянуу менен жазды.
"Бейшембиде АКШ президенти Жо Байден Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам берерин айтты. Мындай жол менен бийлик Украинадагы кризисти болшунча создуктурууга аракет кылып жатат", — деп айтылат макалада.
Ошондой эле телеканал бул боюнча көрөрмандар кандай комментарий калтыргандарын жарыялады.
"АКШ бийлиги бул жаңжалдын бүтүшүн каалабайт. Мунусу түшүнүктүү эле болуп турат", — деп жазган Frank Martin атуу көрөрман.
Ал эми Тедди Ли аттуу жаран: "Отко отун ыргытуу менен аны эч качан өчүрө албайбыз", — деген пикирин калтырган.
"Эмне үчүн биз катышпаган чыр-чатакка акча жөнөтүшүбүз керек?" — деп сурады Пол Заки.
"Кептин баары — Киевге аскердик жардам катары жиберилген үч миллиардда. Жо мунун "каймагын" калпып жатабы?" — деди Дэвид Холд аттуу колдонуучу.
"Америкалыктар өздөрү муктаж болуп турганда эмнеге Украинага үч миллиард доллардан ашык акча жөнөтүлүп жатат? Эмне үчүн акча америкалыктарга жардам катары берилбейт?" — деген суроону bible dynasty узатты.
"Байдендин өзүн Украинага жөнөткүлөчү", — деп кошумчалады club4ghz.
Эске салсак, 24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Россия бийлиги АКШ менен Евробиримдикти Украинага курал жеткирип жатканы үчүн бир нече жолу сындап, Батыштын бул жаңжалга түздөн-түз тиешеси бар деп айтып келет.
ЖМК: Россияга каршы санкциялар француз порттору үчүн ири көйгөйгө айланды