Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШда психологиялык жактан кыйналып жаткандардын саны көбөйүүдө

Fox News телеканалынын алып баруучусу Грег Гутфельддин айтымында, сиркеси суу көтөрбөй, болор-болбос нерсеге урушуп кеткен адамдар абдан көбөйдү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШда сурамжылангандардын 73 пайызы узакка созулган кризистерден улам нерв ооруларына чалдыгуу алдында турат. Бул тууралуу Америкадагы Психологиялык ассоциациянын иликтөөсүнүн жыйынтыгына шилтеме берип RT жазды.
Fox News телеканалынын алып баруучусу Грег Гутфельддин айтымында, сиркеси суу көтөрбөй, болор-болбос нерсеге урушуп кеткен адамдар абдан көбөйдү.
"Ал эми сурамжылангандардын калган 27 пайызынын жини келип чыккандыктан суроолорго толук жооп беришкен эмес", — деп айтылат макалада.
Психологдор Украинадагы кырдаал, пандемия жана экономикалык кыйынчылыктар америкалыктарды психологиялык жактан бир топ жабыркатып койду деп эсептейт. Мындан тышкары, окуя ушул багытта өнүгө берсе жакынкы жылдары нерв оорулары менен жабыркагандар алда канча көбөйөрү айтылат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ жарандары Украинага курал жөнөтүлүп жатканына нааразы болууда