Жердин космостон тартылган суктандырган видеосу

Кечээ дүйнө Жер эне күнүн белгиледи. "Роскосмос" биздин планетабыздын спутниктен тартылган видеосун көрсөттү.
Sputnik
"Роскосмос" Жер эне эл аралык күнүндө россиялык "Электро-Л" (гидрометеорологиялык камсыздоо боюнча иш алып барат) спутниги тарткан видеону сунуштады.
Биз жашаган планетаны бир катар өлкөлөрдө жана аймактарда Жер эне деп аташат. Ал адам баласынын бири-бири менен болгон өз ара байланышын, андагы башка жандыктардын жашоосун чагылдырып берип турат.
Жер эне адамдарга планетаны сактап калуу боюнча адамзаттын алдында турган татаал жана жооптуу милдеттерди аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Иш-чара жыл сайын ар кыл темаларга арналып өткөрүлүп келет. Быйыл, 2022-жылы, "Планетабызга инвестиция салабыз" деген чакырык ташталган.