БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 24-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл чөлкөмүндө +15...+20 жана Нарын аймагында +14...+19 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +21...+23, Ошто +22...+24 градуска жетет.