Азия чемпионаты: Эрназар Акматалиев күмүш, Арсалан Будажапов коло медаль утту

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында эркин күрөштөн күмүш медаль утту.
Ал финалда япониялык Таиши Нарикуни менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңилип калды. Кыргызстандык балбандын алтын алышына бир секунд гана жетпей калды. Тагыраак айтканда, жасаган ыкмасын аягына чыгаргыча убакыт бүтүп калды.
Акматалиев чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3, жарым финалда монголиялык Темуулен Энхтуяны 12:6 эсебинде жеңип алган.
Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов. Архивдик сүрөт
Дагы бир балбан Арсалан Будажапов 79 килограмм салмак категориясы боюнча коло медалдын ээси болду. Аны менен килемге чыккан түркмөнстандык Гурманмурат Овезбердиев күрөшпөй туруп эле жеңилип берди.
Ушуну менен Улан-Батордогу Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 медалдын ээси болду. Анын төртөө алтын, үчөө күмүш, бешөө коло.
Азия чемпионаты: эркин күрөштөн алгачкы медалды Алмаз Сманбеков алды