Эдил Байсалов Тоолор жылына карата өтчү иш-чараларды талкуулады

Байсалов тийиштүү министрликтерге эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында болгон.
Жыйында аткарылып жаткан иштер жана пландалган эл аралык иш-чаралар, БУУнун Башкы ассамблеясынын тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн 5 жылдыгын өткөрүү боюнча резолюциясына жана Бишкектеги экинчи Глобалдык тоолор саммитине даярдык көрүү боюнча маалымат берилген. Ошондой эле Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын максаты жана тапшырмалары тууралуу доклад жасалган.
Жыйынтыгында Байсалов тийиштүү министрликтерге климаттык туруктуулук жана тоолуу региондорду өнүктүрүү багытында эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешүүнү тапшырды. Аны менен катар бул иш-чараларга бирден координатор бекитүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.
Кыргызстан "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү" боюнча концепцияны иштеп чыкты