Кыргызстандык кыздар Central Asia's Got Talent шоусунун гранд-финалына өттү

Командада 6дан 11 жашка чейинки 15 кыз бийлейт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык MEGAKIDZ бий тобу Казакстандагы Central Asia's Got Talent шоусунун гранд-финалына чыкты. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында көрүүчүлөр MEGAKIDZ тобун 72 жарым финалчынын ичинен мыкты деп тааныган. Командада 6дан 11 жашка чейинки 15 кыз бийлейт. Алар street dance стилиндеги заманбап бийлерди тартуулап келишет.
Бий топтун жетекчиси Татьяна Склярова гранд-финал июнда болорун, ага 10 финалчы гана өтө аларын билдирди. Ар жума сайын финалга тандоо сынактары өтүп жатат.
"Үч күндүк добуш берүү маалында четте карап турбай бизди колдоп, добушун бергендерге ыраазычылык билдиребиз. Чынында бүт Кыргызстандын колдоосун сезип жаттык. Элибиздин кең пейилдиги жана, албетте, кыздарыбыздын ташкындаган талантынын арты менен ушуга жетип жатабыз", — деди Склярова.
Команда гранд-финалга мурдагыдан да мыкты номер даярдап барууну убадалады.
Central Asia's Got Talent сынагына Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары катышууда. Быйыл шоунун экинчи сезону өтүп жатат.
Бишкекте "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды