БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Австриянын газ тармагы Россиянын көгүлтүр отуна көз каранды жана Вена орус газына эмбарго салууну колдобойт, мындай боло берсе Россиянын өзүнө караганда Вена алда канча көп жабыркайт. Бул туурасында аталган өлкөнүн финансы министри Магнус Бруннердин айткандыгын РИА Новости жазды.
Буга чейин Австриянын канцлери Карл Нехаммер үч тарап — Вена, Берлин жана Будапешт россиялык газдын импорттолушуна эмбарго салууга каршы экенин, себеби санкциялар биринчи иретте Евробиримдик үчүн эмес, Россияга көйгөй жаратышы керектигин айткан эле.
"Санкциялар мелженген тарапка эмес силерге көбүрөөк кесепетин тийгизгендигин эске алсак, андан пайда көп деле болбойт деген ойдомун", — деген Бруннер CNN телеканалына берген маегинде.
Министр Австрия өнөр жайы Россия газына ушунчалык көз каранды болгондуктан, аларда башка "ылаажы жоктугун" айтты. Муну менен катар эле Бруннер Россияныкына караганда Австрия экономикасын "көбүрөөк жабыркаткан" санкциялардын керексиздиги боюнча пикирин кошумчалаган.
Россия Украинага карата атайын операциясын баштагандан кийин Евробиримдик аталган өлкөнүн жеке тараптарына, уюмдарына, экономикасынын ар кыл секторлоруна карата беш пакет менен санкцияларды киргизди. Европарламент 2022-жылдын 7-апрелинде Россиянын импорттолгон энергоресурстарына "жапырт эмбарго" киргизүүгө чакырган резолюция кабыл алган. Анда Москванын Украинага карата позициясы өзгөрсө, кайра каралышы мүмкүндүгү айтылган. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москвага салынган санкциялар өтө олуттуу экендигин, Россия ага алдын ала камдангандыгын билдирди.
Президент Владимир Путин Россиянын алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин билдирип, санкциялар дүйнөлүк экономиканы да оңбогондой бүк түшүрө баштагандыгын эскерткен. Лидердин айтымында, Батыштын башкы максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу. Ал азыркы окуялар Батыштын саясатта да, экономикада да глобалдуу үстөмдүк кылуусуна жакындатарын кошумчалаган.