Эл каттоонун экинчи этабы башталды. Кандай иштер жасалат?

Иш-чаранын биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бүгүн өлкөдө эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы башталды, ал 2-майга чейин созулат. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Анын жүрүшүндө алыскы жана жетүүгө кыйын болгон региондордун калкы кайрадан катталат. Өлкөдө мындай категорияга кирген 15 районго караштуу 116 калктуу конуш бар. Алардын тизмеси Статкомдун сайтына жарыяланды.
Аны менен катар эле калктын контролдук каттоосу да өткөрүлөрү белгиленди. Кандайдыр бир себептерден улам каттоодон өтпөгөн адамдар чалуу борборуна 1216 номери боюнча кайрылса болот. Операторлор арызды кабыл алып каттоочуга жөнөтөт. WhatsApp номерлерине да жазса болот: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020.
Эл каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлгөн.
Эл каттоого катышпай калгандар эмне кылышы керек? Статком түшүндүрдү