Медведев: Европа Россиянын газы болбосо бир жума да жашай албайт

Буга чейин Эл аралык валюта фонду Европа россиялык газсыз алты айга чейин туруштук бере аларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Европа Россиянын газы болбосо бир жумага дагы чыдай албайт. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз европалык өнөктөштөрүбүздүн ырааттуулук жана принципиалдуулугун баалайбыз. Өзгөчө Эл аралык валюта фондунун жаңы чыккан маалыматын эске алабыз. Анда Европа биздин газыбыз жок болсо алты айга чейин туруштук бере алары айтылган. Бирок чын-чынына келгенде бир жумага дагы чыдай алышпайт", — деп жазган Медведев Telegram-каналына.
Ошондой эле ал Еврокомиссия газды рубль менен төлөөгө жол бергенин белгилеп, Россия президентинин жарлыгы европалыктардын бизнесине таасир этти деп эсептейт.
Буга чейин Эл аралык валюта фондунун Европа департаментинин башчысы Альфред Каммер Франс Пресс маалымат агенттигине Европа россиялык газсыз алты айдан ашык чыдай албастыгын билдирген. Андан кийин Европа экономикасы баш тартуунун кесепетин көрө баштайт.
Эске салсак, 24-февралда Россия Украинада атайын операциясын баштаган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага каршы ири санкцияларды киргизип, бул биринчи кезекте банк секторуна жана энергия булактарын жеткирүүгө кесепетин тийгизген.
Европанын айрым өлкөлөрү Россиянын энергия ресурстарынан акырындык менен баш тарта турганын айтып, бирок азырынча анын ишке ашуусу кыйын экенин моюндап келишет.
Шольц россиялык газга эмбарго коюу Украинага тынчтык алып келбестигин айтты