Бөйрөктү кантип сакташ керек? Дарыгердин кеңеши

Адис соо бөйрөктү сакташ үчүн профилактика катары күнүнө жарым сааттан кем эмес сейилдеп, эң жакшысы 10 миң кадам басуу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Бишкек. Нефролог Вернер Ригель бөйрөктү сактоо үчүн кандагы канттын деңгээли менен кан басымды көзөмөлгө алууну кеңеш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бөйрөктүн начарлашына кант диабети, кан басымдын жогорулап кетиши, заара чыгаруучу системалардагы инфекциялар кооптуу экендигин эскерткен. Мындан улам дарыгер жогоруда белгиленгендей, кандагы канттын деңгээли менен кан басымды көзөмөлгө алуунун өтө маанилүү экендигине токтолгон. Ал эми заара чыгаруучу система илдетке чалдыкканда кычышып жана чыдатпай ооруп, белги берет.
Адис бөйрөктү сакташ үчүн күнүнө жарым сааттан кем эмес сейилдеп, эң жакшысы 10 миң кадам басуу керектигин айтты. Бул булчуңдарды азыктануучу заттар менен камсыздарын түшүндүрдү.
Дагы бир маанилүү нерсе — балансталган, зыянсыз тамактануу. Ригель күндөлүк тамак-аштын рационуна жашылча-жемиштерди киргизүүгө, жумасына жок дегенде бир ирет балык жегенге, белок менен тузду азайтууга кеңеш берди. Күнүнө эки литрге чукул суюктук же жемиш чайын ичүүнү унутпоону эскертти.
Нефролог: түндө ойгонуу бөйрөк оорусунан кабар бериши мүмкүн