БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бизнести жакшы баштап, бирок узакка алып кете албаган адамдарга финансы маселелери боюнча адис, ишкер Елена Парий кеңеш берди. Анын пикирин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, айрымдарда бир нерсени баштоо жөндөмү жакшы өнүккөн. Бирок андан ары кызыгы тарап, энергиясы же идеясы жетишсиз болуп калат.
"Ишкерликти укмуштуудай баштаган кишинин баары эле ийгиликтүү бизнесмен болуп кетпейт. Андай адамдарга кайсы бир бизнести ачып, бутуна тургузган соң сатып ийүүнү сунуштайм. Албетте, даяр бизнести кантип сатам деген суроо жаралышы мүмкүн. Бирок акчасыз калгандан көрө, бир жолу жакшы киреше көрүп койгон туура. Бул башка иш баштоого капитал болуп калышы мүмкүн", — деди Парий.
Болбой эле баштаган бизнесимди өтөсүнө чыгарам дегендер үчүн адис өтө маанилүү делген үч нерсени атады.
"Бизнесмен кылып жаткан иштин бардык процесстерин ийне-жибине чейин билгени жакшы. Ошол учурда гана ал кызматкерлерине туура талап коюп, эмгегин баалай алат. Экинчиден, кол алдындагыларга ишенип, өз милдетин алар менен бөлүшкөндү билиши керек. Башкаруу жаатында баарын өзүм кылам деген киши көп нерсеге жетишпей жатып "күйүп" кетиши ыктымал. Мындай учурда адам бара-бара алдан тайып, эч нерсе кылгысы келбей калат. Үчүнчүдөн, кыйынчылыктар болгон учурда ишкердин колунда бизнести андан ары алып кетүү үчүн бир жылдык каржы запасы болгону жакшы", — деди ал.
Ошондой эле Парий ишкерлик ар дайым тобокелдик менен коштолчу нерсе экенин эске салып, ар кандай сценарийге даяр болуу керектигин эскертти.