Азия чемпионаты: эркин күрөштөн алгачкы медалды Алмаз Сманбеков алды

Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 10 медаль болду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков коло медаль утту.
Кыргызстандык балбан 57 килограмм салмак категориясында килемге чыкты. Ал үчүнчү орун үчүн өзбекстандык Гуломжан Абдуллаев менен күрөшүп, 13:7 эсеби менен жеңип алды.
Сманбеков биринчи беттешинде кореялык балбанды 4:1 эсеби менен уткан. Ал эми жарым финалда казакстандык Рахат Калжанга жеңилип, коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.
Алмаз Сманбеков Улан-Батордогу Азия чемпионатында эркин күрөштөн алгачкы медалды алып берди. Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшүн кошуп эсептегенде Кыргызстандын куржунунда 10 медаль болду. Анын төртөө алтын, экөө күмүш, төртөө коло.
"До свадьбы заживёт!" Айсулуу Тыныбекова жаракат алган бутун көрсөттү. Видео