"До свадьбы заживёт!" Айсулуу Тыныбекова жаракат алган бутун көрсөттү. Видео

Кыргызстандык балбан кечээ япониялык Нонока Озакиге жеңилип калган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында жаракат алган бутун көрсөттү.
1 / 5

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озаки менен

2 / 5

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озаки менен

3 / 5

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озаки менен

4 / 5

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озаки менен

5 / 5

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озаки менен

Ал социалдык тармактагы баракчасына видео чыгарып, "до свадьбы заживёт" (маанилүү иштерге чейин айыгат) деп жазган.
Кыргызстандык балбан кечээ кечинде дагы пост жазып, Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озакиге кандайча жеңилип калганын айткан.
Тыныбекова килемде 62 килограмм салмактагылар арасында кармашкан. Ал алтын үчүн кармашка чейин чейрек финалда монголиялык Болдсайханы Хонгорзулгулду 7:3 упай эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 6:0 упай менен жеңген.
Айсулуу Тыныбекова буга чейин Азиянын төрт жолку чемпиону болгон.
Сүйүнчү! Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду. Видео