Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ РФке карата массалык кыргын салуучу курал менен чагымчылык даярдоодо

Жаманатты кылуу планы мурда эле даярдалып, аны Россиянын атайын операциясы учурундагы ийгиликтерине реакция катары колдонуу каралганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргонуу боюнча күчтөрдүн жетекчиси Игорь Кириллов РФтин Коргоо министрлиги АКШнын Украинада массалык кыргын салуучу курал колдонуп, чагымчылдык салып, аны Россияга оодара салуу пландары болгонун аныктагандыгын билдирди. Бул туурасында Sputnik радиосу жазды.
Ал химиялык, биологиялык же өзөктүк куралдар болушу мүмкүндүгү айтылды.
"Россиянын Коргоо министрлиги АКШнын химиялык, биологиялык же тактикалык куралдарды колдонуп ага россиялык куралдуу күчтөрдү күнөөлөш үчүн чагымчылык жасоого даярданганы туурасында маалыматтарды алды. Бул план иштелип, даярдалып, аны Россиянын атайын операциясы учурундагы ийгиликтерине реакция катары колдонуу каралган", — деп айтылат маалыматта.
Кириллов муну менен катар эле март-апрель айында Батыш өлкөлөрүнүн бийлиги Россиянын массалык кыргын салуучу курал колдонуу ыктымалдыгы туурасында чагымчыл маалыматтарды бир нече ирет билдиргенин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конашенков: Россияда чагымчылык кылса Киевге ракеталык сокку күчөйт