Таалатбек Масадыков апрелден бери кайда жүргөнү белгилүү болду

Аткаминер эки жуманын аралыгында беш өлкөгө барып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Өзбекстан, Пакистан, Афганистан, Иран жана Бириккен Араб Эмиратында жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте барган.
"Сапарлардын алкагында 7-апрелден 20сына чейин бул өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана консультациялар өттү", — деп айтылат маалыматта.
Негизги максаты аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүн, атап айтканда, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге, аймактык кызматташууга байланышкан маселелер талкууланганы айтылды.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда эл Масадыков кызматка дайындалгандан кийин коомчулукка чыкпай, дайынын билгизбей калганын жазып жаткан.
Акылбек Жапаров эки министр менен АКШга кетти. Иш сапардын максаты