Жыл башынан бери салык төлөбөгөн 535 кишиге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жыл башынан 1-апрелге чейин салык боюнча карызы бар 535 жаранга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.
Мындан тышкары, 1 128 салык төлөөчүнүн документтери ушундай эле чечим чыгаруу үчүн Сот департаментине жөнөтүлгөн.
Жаңы Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта салык боюнча карызы барларга бир катар чектөөлөр киргизилген. Алсак, карызы 100 миң сомдон ашкан жана андан кутулуу боюнча билдирүү келгенден кийин 15 жумушчу күндүн ичинде төлөбөгөн жаран же ишкана жетекчисинин үстүнөн азыр жазып, тиешелүү орган сотко кайрылса болот.
Мындан соң сот аткаруучулар мүлктү камакка алуу, өлкөдөн чыгууга тыюу салуу сыяктуу чараларды көрө баштайт.
"Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам тиешелүү орган салыкты өз учурунда төлөп, милдеттемелерди так аткарууга чакырды.
Радио
Дубанаев: "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси иштеп баштады