Россия Баткенге инновациялык мектеп курууну пландоодо. Депутаттар долбоорду көрдү

Долбоордун суммасы 4 миллиард сомду түзөт, аны БТБ банкы каржылайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россиянын "Антропогенез" илим изилдөө институтунун директору Олег Чагин Баткен облусунда инновациялык билим берүү платформасын куруу боюнча долбоорду презентациялады.
Ал парламенттин "Элдик" депутаттар тобунун жыйынында маалымат берди.
Чагиндин айтымында, азырынча Баткен районундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылына бир мектеп куруу пландалууда. Андан ары дагы долбоорду улантуу ниети бар.

"Мектеп инновациялык билим берүү платформасында болуп заманбап шарттардын баары түзүлөт. Аны бүткөндөр кеминде бир кесиптин ээси болуп чыгат. Балдар акысыз негизде окутулат. Долбоордун суммасы 4 миллиард рублди түзөт", — деди Чагин.

Ошондой эле бул Боссиянын мамлекеттик долбоору экени кошумчаланды.
Ал эми "Элдик" топтун төрагасы Акыл Түмөнбаев бюрократиялык тоскоолдуктардан улам эки-үч жылдан бери бул долбоор ишке ашпай келгенин белгиледи.
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьерлери Баткендеги мектепти ачышты. Сүрөт