Нарын: жаш ишкерлер айыл чарбага жаңыртуу киргизүүнү көздөп жатат. Сүрөт

Көчөттөр Ысык-Көл өрөөнүнөн Нарындын климаттык шартына ылайыкташтырылып алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Нарын шаарындагы жаштар ишкерликти айыл чарбасынан баштоо максатында Ак-Коргон аймагындагы жашылдандыруу питомнигине өз каражаттарына 800 түп мөмө берүүчү бактардын көчөттөрүн алып келип тигишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, тигилген 800дөй көчөттүн ичинде малинанын үч, карагаттын төрт, алманын үч сорту жана алча бар.
1 / 3

Нарын шаарындагы жаштар ишкерликти айыл чарбасынан баштоо максатында Ак-Коргон аймагындагы жашылдандыруу питомнигине өз каражаттарына 800 түп мөмө берүүчү бактардын көчөттөрүн алып келип тигишти

2 / 3

Маалым болгондой, тигилген 800дөй көчөттүн ичинде малинанын үч, карагаттын төрт, алманын үч сорту жана алча бар

3 / 3

Көчөттөр Ысык-Көл өрөөнүнөн Нарындын климаттык шартына ылайыктуулары алынып келинген

Көчөттөр Ысык-Көл өрөөнүнөн Нарындын климаттык шартына ылайыктуулары алынып келинген. Бул ишти баштаган жаштар, алдыда жакшы жемишин берсе, ишкерлик кылуу пландарын андан ары ишке ашырышат.
Шаар ичиндеги жашылдандырууну колдоого алган калаа башчысы Канболот Тутуев бул көчөт отургузуу иш-чарасына катышып, алардын ишине ийгилик каалап, ишкерликти баштоого бел байлаган жаштарга питомниктен жетиштүү жер аянтын бөлүп берген.
"Бул ишти социалдык турмушу начар калкты ишке тартуу максатын көздөп алгачкы кадамды баштадык. Жакында эле ишкерлик боюнча окууну аяктадык. Аяктап жатып тайпалаштар биргеликте эмне иш баштасак пайдалуу болот деп кеңешип, мөмө-жемиш айдоого токтолдук. Бул идеяны Рустам Эдилбеков көтөрдү. Бизге да бул идея жагып, чогуу ишти баштадык. Алмазбек Өмүрзаков, Рустам Эдилбеков болуп ортодон акча чыгарып, жалпы 80 миң сомго көчөттөрдү алып келип тигип жатабыз. Келечекте бул көчөттөрүбүз өсүп мөмө берсе, алган жемиштерди экспорттоо, кыям, компот жасап кайра иштетүү пландарбыз бар", — деп айтып берди ишкердин бири Мирлан Элтуйбас уулу.
Ал демилгечилер мындан сырткары бул бактар жакшы өскүдөй болсо, шаарга салым катары жол жээгиндеги эски бактарды алдырып, мөмөлүү бактарды тигип берүүнү көздөп жаткандыктарын кошумчалады.
Жаш ишкерлер бул тигилген көчөттөрдү багып, сугарып кароо ишин өз мойнуна алышкан.
Ат-Башы районунда чычырканактын көчөттөрү отургузулду. Сүрөт