БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде 110 мугалимдин жогорку билими жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Бюджеттик саясат жана финансы анализи башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлнура Токтахунова билдирди.
Ага жогорку класстын окуучуларына сабак берген мугалимдердин канчасынын жогорку билими жок экени тууралуу суроо узатылды.
Бюджеттик саясат жана финансы анализи башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлнура Токтахунова
© Sputnik / Светлана Федотова
"Тилекке каршы, бизде ушундай контингенттеги мугалимдер бар. Алар окууну 4-курста таштап диплом албай калышкан. Алар толук эмес жогорку билимдүүлөр же атайын орто окуу жайын бүткөндөр болуп саналат. Бизде ушундай мугалимдер бар. Бирок диплому жок болгондуктан мектепти бүткөндөн кийин сабак берип жатат деп эсептелет", — деди Токтахунова.
Анын айтымында, мындай мугалимдер адатта дене тарбия жана эмгек сабактарын өтүшөт. Ал эми физика жана математика сыяктуу атайын предметтерден сабак өтүүгө жол берилбейт. Кыргызстанда жалпы жонунан 78 миң мугалим иштейт. Алардын 110унун жогорку билими жок. Адис министрлик аларга окуусун бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк бериши керек деп эсептейт.