БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мугалимдерге кошумча акы бир класска жетекчи болгону үчүн эле төлөнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу Гүлнара Токтахунова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Исполняющая обязанности начальника Управления бюджетной политики и финансового анализа Министерства образования и науки Гульнура Токтахунова
© Sputnik / Светлана Федотова
Sputnik Кыргызстан агенттигине мугалимдер жана мектеп жетекчилери кайрылып, министрлик класс жетекчилер үчүн окуу сааттарынын санын кыскартканын айтышкан. Эми эки классы бар мугалим бирөөнө гана кошумча акы алат. Педагогдордун айтымында, министрлик муну айлыктын көтөрүлүшү менен байланыштырган.
Токтахунованын айтымында, педагогикалык, кичи жана техникалык персоналдын айлык акысы 80 пайызга жогоруласа, административдик персоналдын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт. 30-апрелде алар жогорулаган суммадагы маяна алышат.
Кийинчерээк ага классы бар мугалимдердин кошумча акысынын кыскартылышы боюнча суроо узатылган.
"Анткени эки классты бир учурда башкаруу туура эмес. Класс жетекчи бир гана класска жооп бериши керек. Мурда класс жетекчиликке аз эле, 500 сомдун тегерегинде акча төлөнсө, эми 1 400 сомдон төлөнө баштайт", — деди адис.
Ал сабактардын сааты окуу жылдын аягына чейин сакталып калганын белгиледи.