Ажылыктын акысын төлөө, электрондук каттоодогулардын тагдыры. Муфтияттын маалыматы

Быйылкы ажылык сапардын болжолдуу наркы 4,5 миң долларды түздү. Бирок бул сумма өзгөрүп да кетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ажылыктын акысы 25-апрелден 30-апрелге чейин РСК банкында төлөнөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Төлөмдү бергенге жетишпей калгандар ажылыктын электрондук базасындагы тизмеден чыгарылат.
Муфтият эскерткендей, 2019-2020-жылдары ажылыкка барам деп каттоодон өткөн эркек кишинин жашы 65тен ашып кетсе ал Сауд Аравияга бара албайт. Ошондой эле аялды ажылыкка коштоп барам деп каттоодон өткөн эркек киши дагы 65 жаштан ашык кетсе жана тизмеде анын ордуна кете турчу башка эркек тууганы жок болсо, ал аял дагы ажылык сапарга жөнөй албайт.
Буга чейин талапкерлерге 70 жашка чейин чектөө киргизилип келгени, быйыл пандемияга байланыштуу Сауд Аравияда талаптар катуу коюлганы белгиленди.
Эгерде Кыргызстанга бөлүнгөн 2766 квотадан талапкерлердин саны ашып кетсе, алар 2023-жылкы электрондук базада кезегин сактап калат.
Быйылкы ажылык сапардын болжолдуу наркы 4,5 миң долларды түздү. Бул баа пандемияны эске алып бекитилген, ал так аныкталгандан кийин талапкерлер айырма акчаны кайтарып алат же үстүнө кошушу керек болот.
Ажылык сапарга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмесин шилтеме аркылуу көрүүгө болот.
Быйыл айт намазы Эски аянтта окулат. Мэрия тегерек-четин оңдоп жатат