БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин бардык депутаттарын спектакль көрүүгө чакырды.
Парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева министрге кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө, театрларга, опера жана балетке парламентарийлерди чакырышын сунуштады.
"Жогорку Кеңештин депутаттары өзүбүздөн баштайлы да, кээ бирлерине барсам киши да жок. Маданият үстү жактан башталат. Ошон үчүн биз үлгү болуп барышыбыз керек", — деди Сурабалдиева.
Жаманкулов учурда Улуттук кыргыз драма театрында күнүгө аншлаг болуп жатканын белгилеп, "Манастын уулу Семетей" деген жаңы спектаклибиз чыкты, атайын уюштуруп Жогорку Кеңештин баарын алып барып келели" деп жооп берди.