УКМК: Кыргызстан аркылуу аткезчилик менен электрондук чылым ташыгандар кармалды

"Жунхай" базарынын аймагында Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз ташып келинген, жалпы суммасы 200 миң доллар түзгөн 70 миң даана электрондук тамеки табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кытайда өндүрүлгөн электрондук тамекилерди ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө Кыргызстан аркылуу алып өткөн аткезчилик каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка караганда, бул канал аркылуу ири көлөмдөгү товар бажы төлөмдөрүсүз жана салыксыз кетип турган.
1 / 5

Кытайда өндүрүлгөн электрондук тамекилерди ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө Кыргызстан аркылуу алып өткөн аткезчилик каналы аныкталды

2 / 5

Маалыматка караганда, бул канал аркылуу ири көлөмдөгү товар бажы төлөмдөрүсүз жана салыксыз кетип турган

3 / 5

21-апрелде аткезчилик менен алектенген эки жаран кармалган (бири чет элдик)

4 / 5

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди

5 / 5

Ошону менен бирге "Жунхай" базарынын аймагында Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз ташып келинген, жалпы суммасы 200 миң доллар түзгөн 70 миң даана электрондук тамеки табылды

21-апрелде аткезчилик менен алектенген эки жаран кармалган (бири чет элдик).
"Экөө тең мурда укук коргоо органдарында иштечү экен. Алар өз товары менен чогуу дагы бир чет элдиктин товарын өткөрүп берүү үчүн андан 50 миң доллар талап кылышкан. Товар Кыргызстанда гана эмес, ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдө дагы сатылмак", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ошону менен бирге "Жунхай" базарынын аймагында Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз ташып келинген, жалпы суммасы 200 миң доллар түзгөн 70 миң даана электрондук тамеки табылды.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдары жана мамлекетке келтирилген чыгымды аныктоо иштери уланууда.
УКМК: чек арачылар Тажикстандан келе жаткан аткезчинин унаасын атып токтотушту