Россия кыргызстандыктар үчүн тонналап май жана ун жөнөттү. Сүрөттөр

Бишкек жана Ош шаарларына жалпысынан 810 тонна ун жана 276 тонна өсүмдүк майы алып келинди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан азык-түлүк түрүндө жардам келди.
1 / 4

Кыргызстанга Россиядан азык-түлүк түрүндө жардам келди

2 / 4

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Тышкы саясат боюнча тобунун жетекчиси Артем Романов Бишкек менен Ошко жалпысынан 810 тонна ун, 120 тонна өсүмдүк майы келгенин билдирди

3 / 4

Ал эми БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы менеджери Вилле Каллонендин айтымында, программага катышкан ар бир үй-бүлөгө 150 килограммдан ун жана 15 литрден май берилмекчи

4 / 4

Былтыр 5 500 тоннадан ашык ун жана 439 тонна өсүмдүк майы жеткирилип, аны муктаж болгон 278 миңден ашык адам алган

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Тышкы саясат боюнча тобунун жетекчиси Артем Романов Бишкек менен Ошко жалпысынан 810 тонна ун, 276 тонна өсүмдүк майы келгенин билдирди.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Тышкы саясат боюнча тобунун жетекчиси Артем Романов
"Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган долбоорлорго катышканы үчүн сыйлык катары 27 миң адамга ун берүү пландалууда. Ал долбоорлордун катарында ирригациялык системаларды калыбына келтирүү, бак-дарактарды отургузуу, дарыя жээктерин бекемдөө, айылдарда көпүрөлөрдү, дренаждык системаларды куруу жана айыл чарба тармагы боюнча тренингдер бар", — деди Романов.
Ал эми БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы менеджери Вилле Каллонендин айтымында, программага катышкан ар бир үй-бүлөгө 150 килограммдан ун жана 15 литрден май берилмекчи.
БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы менеджери Вилле Каллонен
"Бул кайрымдуулук эмес экенин түшүнүү керек. 500дөн ашык мамлекеттик программа бар, сиз аларга катышып, азык-түлүк ала аласыз. Программалар инфраструктураны жакшыртып, тамак-аш менен гана камсыздабастан, жумуш орундарын дагы таап берет", — деди Каллонен.
Былтыр 5 500 тоннадан ашык ун жана 439 тонна өсүмдүк майы жеткирилип, аны муктаж болгон 278 миңден ашык адам алган.
Россия Бишкекке 135 миң тонна ун жана 60 тоннадан ашык суу май берди