Радио

Асанбай кызы: Бишкектин абасында катуу бөлүкчөлөрдүн деңгээли төмөн

Кыргызгидромет директорунун орун басары Мээрим Асанбай кызы Бишкектин кайсы бөлүгүндө аба өтө кир экенин айтты.
Sputnik
Кыргызгидрометтин жумушунун негизги багыттарынын бири — өлкө боюнча айлана-чөйрөнүн булгануусуна көзөмөл жүргүзүү. Бишкек шаарында байкоо тармактары көп. Алсак, борбордо жети стационардык пост, бир автоматтык станция жана 50 датчик иштейт. Бул тууралуу Мээрим Асанбай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жылуу мезгилде аба бир аз тазараак болгону менен курамында ар кандай ооруну пайда кылуучу оор металлдардын диоксиди жетиштүү өлчөмдө болот.
"Бүгүнкү күндө Бишкектин абасында катуу бөлүкчөлөрдүн (PM 2.5) деңгээли төмөн. Бирок күкүрт, азот, көмүртек диоксиди жана формальдегиддер дагы деле абада кармалып турат. Жайкысын шаарда ыш, түтүн болбойт деген пикир туура эмес. Болгону аба ысыганда ыш өйдө көтөрүлөт, ал эми кышында муздак масса чөгүп, түтүн көзгө көрүнүп калат. Бирок жылуу мезгилде аба бир аз тазараак болуп, майда дисперстүү заттар азыраак болот. Ошентсе да анын курамында рак оорусун пайда кылуучу ар кандай оор металлдардын диоксиддери жетиштүү өлчөмдө. Абанын булганышына автоунаалар, кышында көмүрдү колдонуу жана шаар ичинде абанын циркуляциясынын бузулушу себеп болууда. Кышкысын Биринчи май, Сокулук жана Аламүдүн райондорунда аба абдан кир болот. Бишкектин ичин ала турган болсок кыймыл көп кезде шаардын борбордук бөлүгүнүн абасы булганып кетет. Ал эми Дордой, Бишкектин санитардык полигону жайгашкан тарапта катуу бөлүкчөлөрдүн деңгээли дайыма жогору болот", — деди Асанбай кызы.
Ал абанын булганышынын абалы жөнүндө маалыматты meteo.kg сайтынан алса болорун кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: