БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россиянын "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко (Ая) "Ырдайлы, достор!" аскердик-патриоттук ыр сынагынын алкагында Кыргызстанга кайрылуу жасады.
Ал жаштар менен баарлашуу, ата-бабалардын эрдигин даңктоо, кеп кылуу маанилүү экенин белгилеген.
"Бүгүн ар кайсы улуттан чыгып, ар кандай диндерди, көз карашты карманган адамдардын ынтымагы канчалык маанилүү экенин баса белгилей турган күн. Нацизм цивилизациялуу дүйнөдө болбошу керек. Кыргызстандын ар бир жаранын бекем кучактагым келет. Кыргызстан ар улуттун башын кошуп, достугун бекемдеген керемет өлкө!" — деди Назаренко.
Сынак Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына арналат. Ага жети жаштан 30 жашка чейинки окуучулар менен студенттер катыша алат.
Сынак эки этапта өткөрүлөт:
биринчиси — катышуудан арыздарды кабыл алуу (7-25-апрелге чейин);
экинчиси — иш-чараны өткөрүү, жеңүүчүлөрдү аныктоо.
Сынакта төрт номинация бар: "Мыкты аткаруучу бала", "Мыкты аткаруучу кыз", "Мыкты вокалдык топ" (дуэт, трио же квартет) жана "Мыкты команда". 9-майда Бишкекте өтө турган фестивалдын гала-концертинде өзгөчөлөнө алган аткаруучулар өнөрүн тартуулашат.
Катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган, мекен, атактуу жердештер жөнүндө, эне жана башкалар жөнүндө ырларды аткарса болот.
Фестивалга катышуу үчүн толтурулган анкетаны 25-апрелге чейин "POBEDA 77" деген белги менен maestroromans@mail.ru электрондук дарегине же Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 2/1 дарегине жөнөтүү керек.
Арыз формасы жана сынактын жобосу менен кененирээк да таанышсаңыз болот.