БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, бул аптанын этеги жаанчыл болушу ыктымал. Кээ бир тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлүүдө. Бишкекте ишембиде өткүн өтсө, жекшемби, 24-декабрда, жаан жаайт.
Чүй облусу
23-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 24-апрелде көпчүлүк жерлерде жаан жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы 23 градуска чейин жылуу болот.
Талас облусу
Таластын тоолуу аймактарына 23-апрелде жаан жаашы ыктымал. Дыйканчылык жерлерде күн ачык болору божомолдонду. Ал эми 24-апрелде күн күркүрөп, тоолуу жерлерде кар түшөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарда да ишемби күнү күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 27 градуска чейин жетери айтылды. Бирок 24-апрелде жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүн.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Ысык-Көл облусунда ишембиде өткүн өтсө, жекшембиде абанын температурасы төмөндөп жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлүүдө. Абанын орточо температурасы 22 градусту көрсөтөт.
Нарында 23-апрелде жаан жаабайт. Эртеси күндүн көзү бузулуп, тоолуу жерлерине кар, дыйканчылык аймактарына жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы 20 градуска чейин жылыйт.