Бишкектен жумуш издеп жатасызбы? 27-апрелде иш жарманкеси өтөт

Иш-чарага 50дөн ашык ири компания жумушчу издеп жаткандыктан, уюштуруучулар келгендерден бир нече резюме чыгарып алуусун өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 27-апрель күнү Бишкекте иш издөөчүлөр үчүн жарманке өткөрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 10:00дөн 15:00гө чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында болот.
Анда 50дөн ашык ири компания жумушчу издеп жаткандыктан, уюштуруучулар келгендерден бир нече резюме чыгарып алуусун өтүнөт.
"Жарманкеде иш берүүчүлөр менен таанышып, кызыктырган суроолорду түз бере аласыз. Ошондой эле компаниянын адистери иш тажрыйбасы менен бөлүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Квалификациясын жогорулатууну каалагандар үчүн министрлик мастер-класстарды уюштурмакчы.
Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика