БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкекте жасалма доллар сатууга аракет кылган киши кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет мамлекеттен алынган жасалма долларды сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзгөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
УКМК кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн — Жалал-Абадда туулган 39 жаштагы Ж.М.Ж. аттуу кишини 11,5 миң жасалма долларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармаган.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси барларды аныктоо иштери жүрүүдө.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин ("Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо") биринчи бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.