БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгы машинасын ишеним кат аркылуу сатып, кийин жол эрежеси бузулгандыгы үчүн айып пул ага келип жатса эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.
Маалымат катчы Байказы Айтикул уулу процедура боюнча маалымат берген. Анын айтымында, машинанын мурдагы ээлери автонун жаңы ээсинин "Коопсуз шаар" боюнча айып пулун төлөөгө туура келип жатканын айтып, арызданышууда.
"Айдоочу автоунааны өзүнө каттатуу максатында мурдагы ээсин издей башташы үчүн машинасын ишеним кат менен саткан адам "Унаа" мамлекеттик ишканасына барышы керек. Ал жактан автоунааны каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн мөөнөтүн токтотуу боюнча арыз жазышы керек. Бирок бул үчүн алгач айып пулду төлөп коюуга туура келет", — деди Айтикул уулу.
Кийин инспекторлорго ошол машинага багыт берилет. Автоунаа табылары менен айып короого токтотулат. Мындан улам ишеним кат менен жүргөн айдоочу машинаны өзүнө каттатмайын унаасын алып кете албай калат.
"Башкача айтканда, айдоочу автонун мурдагы ээсин издөөгө өзү кызыкдар болмокчу. Төлөнгөн айып пулду андан кайтарууну талап кылып же сотко кайрылса болот", — деди маалымат катчы.
Ал ошондой эле патрулдук милиция автоунаанын мурдагы ээлеринин арызы боюнча кармоо иштерин уланта берерин, бирок техпаспорттун жарактуу мөөнөтүн токтотуп коюу кыйла эффективдүү болорун кошумчалады. Мындай жол менен айып пулдун келишин токтотууга болот.
Патрулдук милициянын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын үч айында эле 651 адамдан арыз түшкөн. 118 машина табылып, айып короого токтотулган. Мындан башка дагы 12 автоунаа бар. Алардын техпаспортторунун жарактуу мөөнөтү токтотулган.