Радио

Батаев: эми мейманкана, кафе, ресторандар да авторлорго гонорар төлөйт

Кыргызпатенттин Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектирлөө бөлүмүнүн инспектору Жунус Батаев авторлорду укугун каттатып коюуга чакырды.
Sputnik
Эми мыйзам боюнча авторлорго сый акыны кафе, ресторан, сулуулук салондору жана мейманканалар дагы төлөйт. Бул тууралуу Жунус Батаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сый акы чыгарма ээлерине жылына бир ирет берилет.
"Чыгарма жаратып, мейли ыр жазсын же обонун чыгарсын, кара сөз же ыр түрүндө китеп чыгарсын, айтор, бул инсандар автор болуп эсептелет. Алар өз чыгармаларын Кыргызпатентке алып келип каттатып койсо өздөрүнө эле жакшы. Өзгөчө аткарылган ырлардын сөзүнүн же обонунун авторун таппай өзүбүз издеп чалып, гонорарын төлөгөн учурлар болуп жатат. Мурда ошол чыгарманы колдонгондугу үчүн сый акыны теле, радиолор эле төлөп келсе, эми мыйзам боюнча мейманкана, сулуулук салондору, соода түйүндөрү, фитнес-борборлору, кафе, ресторандар дагы төлөйт. Бир ыр телеканалда жаңырып жатса, соода түйүнү ошол телеканалды коюп койсо, кимиси авторго гонорар төлөйт деген суроо жаралат. Мындай учурда экөө тең төлөйт. Анткени экөө тең авторлордун эмгегин колдонуп жатышат", — деди Батаев.
Инспектор сый акынын 40 пайызы ырдын сөзүнүн авторуна, 40 пайызы композиторго, калган 20 пайызы аткаруучуга берилерин кошумчалады.