Жаан жааганда айдоочулар үчүн башкы кооптуулуктар айтылды

Эгерде жамгыр катуулап, нөшөргө айланса, автоунааны коопсуз жерге токтотуп, басаңдаганча күтүп турган ашыктык кылбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Айдоочулар үчүн жамгыр жааган учур абдан кооптуу болгондуктан, мындай мезгилде руль башкарып бараткан адам өтө сак болушу керек. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине автоэксперт Егор Васильев айтып берген.
Автоунаа башкарып баратканда ылдамдык канчалык жогору болсо, кооптуулук да ошончолук күч.
"Андай учурда суу болгон асфальттын өзүнө жабыштыруучу күчү солгундайт, бул өзгөчө жамгыр жаңы башталган учурга туура келет. Себеби алгачкы тамчылар асфальттын үстүндөгү чаң менен кирди нымдап, аралаштырып салат", — деп түшүндүргөн адис.
Мындай учурда автоунаанын тайгалануу кооптуулугу жогору. Андан сырткары, жамгырда тегерек-чет, алды жак даана көрүнбөй калат. Андыктан ылдамдыкты бир топ азайтып, ар кыл маневрларды жасабай, тормозду да, газды да баса бербеш керектигин кошумчалаган. Эгерде нөшөргө айланып кетсе, коопсуз жерге токтоп күтүп тургандан өтөрү жок.
Мыкчыба! Адис рулду туура эмес кармап айдоонун кесепетин эскертти