Айсулуу Тыныбекова эки балбанды утуп, финалга чыкты. Атаандашы япон кыз

Тыныбекованын алтын үчүн кармашы бүгүн саат 16:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголияда болуп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Азиянын күчтүү балбандары катышкан мелдеш Улан-Батор шаарында уланууда.
Тыныбекова килемде 62 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал чейрек финалда монголиялык Болдсайханы Хонгорзулгулду 7:3 упай эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 6:0 упай менен жеңди.
Алтын үчүн Нонока Озаки менен кармашат. Финалдык беттеш бүгүн 16:00дө старт алат.
Кечээ Азия чемпионатынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш алган. Алар Тыныбековадан айырмаланып олимпиадалык эмес, айлампа системасында кармашкан.
Асманга "учкан" Жоламан. Азия чемпионатындагы жүрөк толкуткан сүрөт