Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында жеңилип калды

Тыныбекованын атаандашы таза жеңишти камсыздады. Кыргызстандык спортчу Азиянын төрт жолку чемпиону болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озакиге жеңилип, күмүш медаль алмай болду.
Азиянын күчтүү балбандары катышкан мелдеш Улан-Батор шаарында уланууда.
Финалдык беттештин экинчи бөлүгүндө япон балбаны кыргызстандык спортчунун бутун бириктирип бир нече жолу оодарып, таза жеңишти камсыздады. Эсеп 1:9 менен аяктады.
Тыныбекова килемде 62 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал алтын үчүн кармашка чейин чейрек финалда монголиялык Болдсайханы Хонгорзулгулду 7:3 упай эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 6:0 упай менен жеңген.
Кечээ Азия чемпионатынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш алган. Алар Тыныбековадан айырмаланып олимпиадалык эмес, айлампа системасында кармашкан.
Тыныбекова Азия чемпионатын буга чейин төрт ирет уткан.
Асманга "учкан" Жоламан. Азия чемпионатындагы жүрөк толкуткан сүрөт