Жаракат алып калдым. Айсулуу Тыныбекова финалдан кийин кайрылуу жасады

Тыныбекова өтө көп жазганга шарты болбой жатканын айтып, аны колдогондорго ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озакиге кандайча жеңилип калганын айтты.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен", — деп жазган ал.
Тыныбекова көп жазганга шарты болбой жатканын айтып, аны колдогондорго ыраазычылык билдирген.
"Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет. Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!" — деген Тыныбекова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-апрелде, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Озакиге жеңилип, күмүш медаль тагынды.
Тыныбекова килемде 62 килограмм салмактагылар арасында кармашкан. Ал алтын үчүн кармашка чейин чейрек финалда монголиялык Болдсайханы Хонгорзулгулду 7:3 упай эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 6:0 упай менен жеңген. Тыныбекова буга чейин Азиянын төрт жолку чемпиону болгон.
Асманга "учкан" Жоламан. Азия чемпионатындагы жүрөк толкуткан сүрөт