Жума күнгө карата аба ырайы

22-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +24...+26 градус ысык болору айтылды.
Бекешев: 16 гектар жерге бийик имараттар курулса Бишкек дем ала албай калат