Асманга "учкан" Жоламан. Азия чемпионатындагы жүрөк толкуткан сүрөт

Бириккен күрөш уюму (UWW) Монголияда Азия чемпионатын жеңген кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбековдун өзгөчө сүрөтү менен бөлүштү.
Sputnik
Кадр кечээ Жоламан финалда Ирандан келген Мехди Сейфола Мохсен Неджад аттуу балбанды жеңип, алтын медаль алгандан кийин тартылган.
Жеңишине кубанган кыргыз спортчусу алгач машыктыруучулары менен кучакташып, андан кийин жүгүрүп келип эки жолу бийик сальто жасаган. Муну фотографтар тартып калган.
Шаршенбеков килемде 60 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байге ээси, дүйнө кубогунун ээси, Токио Олимпиадасынын катышуучусу. Балбан 23 жашта.