БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Z символикасы бар аскердик кийимдерди жана костюмдарды ижарага бербөөгө, ал эми жарандарды 9-майда "Өлбөс полкко" катышуу үчүн мындай формаларды кийбөөгө чакырды.
УКМК Жеңиш күнүн майрамдоо алдында чыккан Z символикасы бар аскердик кийимдердин жарнамасына байланыштуу комментарий берди.
"Мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга шарт түзүшү мүмкүн болгон Z символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-май Улуу Ата Мекендик жеңиш күнүнө карата өтө турган "Өлбөс полк" жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
УКМК улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертти.