Радио

Досалиев: Украина эли Американын оюнчугу болууда

Күч түзүмдөрүнүн ардагери, полковник Нурлан Досалиев Украинанын эли Американын "оюнчугу" болуп жатканын айтты.
Sputnik
Украинадагы Россиянын атайын операциясында НАТОнун жалданмалары жүрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Мариуполдогу НАТО аскерлерин чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой калса, Батыш өзү алардын көзүн тазалап коюшу ыктымал.
"Америка дүйнө элине Россияны баскынчы катары көрсөтүп, өзүнүн тымызын жасаган ишин жашыруу аракетин жасоодо. Тактап айтканда, алардын Россияга баскынчылык кылуу пландарынын алдын алып жаткан Россияны кара мүртөз көрсөтүүгө далалаттанып, өздөрү жай тургундарга кол салып, соңунда жалган маалыматтарды жарыялап жатат. Мариуполдо 3 000ден ашык украиналык баскынчылар курчоодо калды. Арасында НАТОдөн келген 2 000ден ашуун жалданма киши өлтүргүчтөр, анын ичинде эки америкалык генерал бар экен. Алардын 1 500гө жакыны куралын таштап туткунга түшүп беришти, генералдардын бири да ушул тизмеде. Эми НАТО туткунга түшкөндөр эмне маалыматтарды айтып салат деп тынчсызданууда. Дүйнө элине алардын тымызын баскынчылык пландары тууралуу маалыматтардын чыгып кетишинен кооптонуп жатат. Анткени эл аралык аскердик мыйзамдар боюнча, эгер өз өлкөсүнүн катардагы аскери туткунга түшсө, ал жарадар болсо дарыланууга, тамак-аш менен камсыз болууга укуктуу. Ал эми жалданмалардын андай эч бир укугу жок. Алар кылмышкер катары эсептелип, түз эле жоопкерчиликке тартылат. Жан соогалап ар кандай маалыматтарды ачык айтып салышы ыктымал", — деди Досалиев.
Ал Украина президентинин аппарат жетекчиси Мариуполдогу аскерлерди чыгарып кете алышпаса жеринде жок кылуу боюнча буйрук бергени тууралуу маалымат тараганын кошумчалады.