Борбор Азия жана Россия ТИМдеринин башчылары видеоконференция аркылуу жолугат

Алты өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары бир катар маселелерди, анын ичинде Афганстандагы кырдаалды карашат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 22-апрелде Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусу видеоконференция аркылуу өтөт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Тышкы иштер органдарынын жетекчилери Борбор Азия аймагында туруктуулукту сактоо, терроризм жана экстремизм коркунучтарына каршы туруу маселелерин карашат.

"Афганстандагы учурдагы кырдаал жана анын коңшу мамлекеттерге тийгизген таасири боюнча пикир алмашуу болот. "Алтылык" форматында эки тарапты кызыктырган тармактарга, анын ичинде транспорт, энергетикалык тармактарды кеңейтүү келечегине жана улуттук коопсуздукка көңүл бурулат,” — деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаровдун Азербайжанга сапарынан 14 сүрөт