Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Боорумду издейм". RT Донбасста жакындарын издегендерге платформа ачты

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. RT телеканалы Донецк Эл Республикасынын коомдук палатасы, Россиянын ыктыярчылар союзу, Жалпы россиялык элдик фронт менен биргеликте "Боорумду издейм" деп аталган платформаны ишке киргизди.
Ресурс согуштук аракеттерден улам жакындары менен байланышты жоготкондорго көмөктөшүп, тууганын табуу үчүн уюштурулган.
"RT байланыша албай калган жакындарын издеп, жардам сураган ондогон билдирүүлөрдү күн сайын алат. Мындан улам атайын платформа түзүү чечими кабыл алынды. Түшкөн маалыматтар "Боорумду издейм" долбоорунун ыктыярчылары тарабынан каралып, издөө иштери компетенттүү кызматтар менен биргеликте жүргүзүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Донецк Эл Республикасынын коомдук палатасы жер-жерлерден байланышын жоготкон кишилердин арыздарын да чогултуу иштерин жүргүзөрүн билдиришти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль: Россия Украинага талаптар так көрсөтүлгөн келишим долбоорун жөнөттү