Россияга АКШ вице-президенти Харрис менен Meta башчысы Цукерберг келе албайт

Россиянын ТИМи АКШнын таасирдүү чөйрөсүндөгү адамдарга жеке санкцияларды киргизди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Американын саясат, бизнес, ЖМК жана башка тармагындагы көрүнүктүү 29 адамга өлкөгө келүүгө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Атап айтканда, санкцияга вице-президент Камала Харрис, Bank of America башчысы Брайан Мойнихэн, Meta* компаниясынын (мурдагы Facebook) негиздөөчүсү Марк Цукерберг, ошондой эле аскер-өндүрүштүк компаниянын жетекчилери кабылды.
Тизмени кеңейтүүгө Россияга каршы санкциялардын улам көбөйүшү себеп болгону белгиленген.
Россиянын Украинадагы аскердик операциясы башталгандан бери батыш өлкөлөрү санкциялык басымды күчөттү. Жеке санкциялардан тышкары экономикалык секторго каршы чектөөлөр көп болууда. Кремль муну экономикалык согуш деп атады, бирок бийлик окуянын мындай өнүгүшүнө даяр турганын белгилеген.
* Meta (Facebook жана Instagram социалдык тармактары) ишмердүүлүгүнө Россияда экстремисттик деп тыюу салынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франциялык экономист: РФке каршы санкциялар Европада тополоңду шарттайт