Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мариуполь бошотулуп, "Азовсталда" согушкерлер курчалып турат

Министрдин айтымында, операцияны соңуна чыгаруу үчүн үч-төрт күн керек. Бирок Путин промзонага штурм жасоонун кереги жоктугун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын аскерлери менен ДЭРдин элдик милициясы Мариуполду бошотушту. Бул тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинге жасаган докладында айтканын РИА Новости жазды.
Өлкө башчысы менен министр Кремлде жолугушту.
Маалыматка караганда, "Азовсталь" комбинатынын аймагында эки миңге чукул согушкер курчалып турат.
"Шаарда абал тынч. Элдин кайтып келишин жана тынч жашоонун уланышын камсыздоо үчүн иретке келтирүү иштерин баштаса болот", — деди Шойгу.
Министрдин айтымында, операцияны соңуна чыгаруу үчүн үч-төрт күн керек. Бирок Путин промзонага штурм жасоонун кереги жоктугун айтты.
"Биз өзүбүздүн аскерлер менен жоокерлердин өмүрү, саламаттыгы тууралуу ойлошубуз керек. Өндүрүш объектисине жер алды менен кирүүнүн кажети жок. Болгону ал жерди чымын учуп чыга албай тургандай кылып тосуп койгула. Куралын таштай электерге баш ийип берүүнү сунуштагыла. Россия аларга татыктуу жашоо жана тийиштүү эл аралык актылар боюнча мамиле кылууга кепилдик берет", — деди Путин.
Ал ошондой эле жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Радио
Досалиев: Украина эли Американын оюнчугу болууда