Россия Бишкекке 135 миң тонна ун жана 60 тоннадан ашык суу май берди

Ушундай эле акция 20-апрель күнү Ошто өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россия Бишкекке жардам катары 135 миң тонна ун жана 60 тоннадан ашык суу май берет. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Продукция 22-апрель күнү өткөрүлүп берилет дагы, муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Ушундай эле акция 20-апрель күнү Ошто өтүп, 675 миң тонна ун жана 60 тонна суу май таратылган.
Долбоор Россиянын БУУнун азык-түлүк программасына ыктыярдуу түрдө бөлгөн (9 миллион доллар) каражатынын негизинде ишке ашып келет.
Кыргызстанда суу май, кумшекер, ун жана нандын баасы канчага өстү?