Пара алып жаткан. Сокулукта Тергөө кызматынын башчысынын орун басары кармалды

Тергөө кызматынын өкүлү башында арыз ээсинен 50 миң сом талап кылып, кийин 20 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

2 / 3

Билдирмеге караганда, буга чейин атайын кызматка С.Г. аттуу жаран сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын жетекчилеринин бири 50 000 сом акча талап кылып жатканын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган

3 / 3

Арыз ээсине 2020-жылы жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган

Билдирмеге караганда, буга чейин атайын кызматка С.Г. аттуу жаран сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын жетекчилеринин бири 50 000 сом акча талап кылып жатканын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Арыз ээсине 2020-жылы жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Жабырлануучу С.Г аттуу жаранга доосу жок экендигин айтып, каршы билдирүү жазганына карабастан тергөө кызматынын өкүлү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылган. 2022-жылдын 19-апрелинде саат 18:00дөр чамасында Сокулук айылында 20 000 сом пара алып жаткан жеринен К.А.М. аттуу Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Колго түшүрүлгөн кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкекте РИИБдин тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Сүрөт