Нарын: медицина тармагына тогуз "Нива" бөлүндү. Сүрөт

Дубандагы райондордун ичинен Ак-Талаа району эки, Жумгал району бир, Кочкор району эки, Ат-Башы району эки автокөлүктүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына коронавирустан улам элге көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында Нарын облусуна мурда бөлүнгөн тогуз автоунаа тапшырылды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына коронавирустан улам элге көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында Нарын облусуна мурда бөлүнгөн тогуз автоунаа тапшырылды
Автоунаалар Нарын облусундагы ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна берилди. Тагыраагы, келген автоунаалардан Ак-Талаа районуна эки, Жумгал районуна бир, Кочкор районуна эки, Ат-Башы районуна эки, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына бир, СПИД борборуна бир автоунаа тапшырылган.
Бул машиналар Дүйнөлүк банктын "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында берилди. Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 1 014 300 долларды түзгөн 69 санитардык автоунаа тапшырылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башчысы Чыңгыз Нарынбеков буга чейин медицина тармагында автокөлүктөрдүн жетишсиздиги жана эскилиги калкты тейлөөдө негизги көйгөйлөрдөн болуп келгенин айтты. Бүгүнкү жакшы кабарга кубангандыгын белгилеп, автоунаа үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Санэпидем борборлоруна жаңы үлгүдөгү "Нива" автоунаалары тапшырылды. Сүрөт