БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстан быйыл 1,5 миллион турист кабыл алууну пландап жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов парламентте билдирди.
Анын айтымында, пандемияга чейин Кыргызстанга жылына дал ушунча турист келип турган.
"Соңку эки жылда чектөөлөргө байланыштуу азайып кетти. Быйыл пандемияга чейинки чекке жетүүнү пландап жатабыз", — деди министр.
Ошондой эле Жаманкулов Туризм фондуна 1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты. Буга чейин бул тармакка жылына 7 миллион сом гана каралчу.