УКМК: чек арачылар Тажикстандан келе жаткан аткезчинин унаасын атып токтотушту

Текшерүү учурунда унаадан 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 620 бөтөлкө газдалган суусундук жана 10 килограмм кыям табылган. Жүктүн салмагы 1,5 тоннаны түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстанда чек арачылар аткезчилерди токтотуу үчүн автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга мажбур болушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
1 / 2

Кыргызстанда чек арачылар аткезчилерди токтотуу үчүн автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга мажбур болушту

2 / 2

Чек арачылар Баткен районунун Өрүк-Зар тилкесинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунааны көрүп калышкан

Чек арачылар Баткен районунун Өрүк-Зар тилкесинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунааны көрүп калышкан.
"Чек арачыларды көргөн айдоочу токто деген талапка баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Унааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга эки жолу эскертүү иретинде ок чыгарган. Бирок жүк ташуучу унаа токтобой, андан соң чек арачылар анын дөңгөлөгүнө эки ирет ок чыгарган, — деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүү учурунда унаадан 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 620 бөтөлкө газдалган суусундук жана 10 килограмм кыям табылган. Жүктүн салмагы 1,5 тоннаны түзгөн.
Жүк ташуучу унаанын 33 жаштагы айдоочусу бул товарларды Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүп, сатууга аракет кылганы айтылат. Бирок анын жанында тиешелүү документтер болгон эмес.
Ошто Өзбекстандын төрт жараны мыйзамсыз зер буюмдар менен кармалды